Карта жөнүндө


 

Бул КР Юстиция министрлигинин юридикалык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн интерактивдүү картасы өлкөнүн калкы үчүн юридикалык кызмат көрсөтүүчүлөрдү издөө процессин жөнөкөйлөштүрүү максатында түзүлгөн.

Бул жерден сиздер бүтүндөй республика боюнча бардык юридикалык кызмат көрсөтүүчүлөр тууралуу керектүү маалыматтарды алсаңыздар болот – мамлекеттик уюмдар (соттор, прокуратуралар, милиция бөлүмдөрү, аймактык адвокатуралар, үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча башкармалыктар, нотариустар ж.б.) жана мамлекеттик эмес уюмдар (коомдук уюмдар, про-боно юристтер жана адвокаттар, кризистик борборлор, аксакалдар соттору, аялдар кеңештери, менчик юридикалык фирмалар, жеке адвокаттар ж.б.).

Карта төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

  • бир гана акысыз юридикалык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн бөлүштүрүп (фильтрлеп) издөөгө болот;

  • картага жаңы юридикалык кызмат көрсөтүүчүлөрдү кошууга болот;

  • юридикалык кызмат көрсөтүүчүлөрдөн укуктук жардам алгандан кийин пайдалануучу каалаган учурда интерактивдүү картага кирип юридикалык кызмат көрсөтүүчүнү баалап жана/же өзүнүн комментарийин калтырууга болот.

Интерактивдүү карта ПРООН менен Финляндиянын ТИМинин “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине жетүүнү кеңейтүү” долбоорунун колдоосунда 2015-жылы КРде АCTED эл аралык уюму, ошондой эле Европа Союзунун “Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүүлүгүн чыңдоо” программасы тарабынан түзүлгөн.

2017-жылы USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын колдоосунда картанын функционалы олуттуу түрдө жеткире иштелип чыккан, буга төмөнкү жеткире иштеп чыгуулар кирет: юридикалык кызмат көрсөтүүчүлөрдү издөө навигациясы жакшыртылды, сайттын функционалын кыргыз тилинде да колдонууга мүмкүн болду, юридикалык кызмат көрсөтүүчүлөрдү иштин түрү боюнча кеңейтилген издөө функциясы ишке киргизилди, юридикалык кызмат көрсөтүүчүлөр тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатына баа берүү үчүн функционал кошулду жана көп берилүүчү суроолордун бөлүмү киргизилди, анда эң жайылтылган укуктук суроолорго жооптор топтолду.