Никенин бузулушун каттоо тартиби


Никенин бузулушу жөнүндө соттун чечиминин негизинде никенин бузулушун каттоо тартиби кандай?

  Никенин бузулушу жөнүндө соттун чечиминин негизинде никенин бузулушун мамлекеттик каттоонун тартиби

  Соттун чечиминин негизинде никенин бузулушун мамлекеттик каттоо соттун чечиминин көчүрмөсүнүн негизинде никеге турган мамлекеттик катталган жердеги, болбосо соттун чечими...

  Никенин бузулушу жөнүндө соттун чечиминин негизинде никенин бузулушун мамлекеттик каттоонун тартиби

  Соттун чечиминин негизинде никенин бузулушун мамлекеттик каттоо соттун чечиминин көчүрмөсүнүн негизинде никеге турган мамлекеттик катталган жердеги, болбосо соттун чечиминен жазып алуунун жана мурдагы жубайлардын (алардын кимисинин болсун) арызынын же аракетке жөндөмсүз жубайдын камкорчусунун арызынын негизинде мурдагы жубайлар (алардын кимисинин болсун) жашаган жердеги жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында жүргүзүлөт. Никенин бузулушун мамлекеттик каттоо жөнүндөгү арыз жазуу формасында берилет.

  Эгерде мурдагы жубайлардын бири никенин бузулгандыгын жарандык абалдын актысын жазуу органына каттатып койсо, ал эми мурдагы башка жубай ошол эле жарандын абалдын актысын жазуу органына кийин кайрылса, бул жөнүндөгү маалымат мурдагы жубайдын никени бузуу тууралу алгачкы катталган акт жазуусуна киргизилет.

  Никенин бузулушун мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз менен бир убакта никенин бузулушу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими берилүүгө жана мурдагы жубайлардын (жубайлардын биринин) жубайдын инсандыгын ырастаган документтер берилүүгө тийиш.

  Мурдагы жубайлар (жубайлардын ар бири) же аракетке жөндөмсүз жубайдын камкорчусу никенин бузулушун мамлекеттик каттоо жөнүндө арызданууга башка адамдарга жазуу формасында ыйгарым укук бере алышат.

  Никенин бузулушуна нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат боюнча жол берилет, анын негизинде никени бузуу жөнүндө актылык жазуу түзүлөт. Никенин бузулушун мамлекеттик каттоо боюнча кызыкчылыктарды көрсөтүүгө жана никенин бузулушу жөнүндө күбөлүктү алууга ыйгарым укуктар ишеним катта атайын каралууга (эскертилүүгө) тийиш.

Читать далее

Нике бузулгандан кийин жубайлар фамилияларын сактап же өзгөртө алышабы?

  Никеге кирүүдө фамилиясын өзгөрткөн жубай нике бузулгандан кийин дагы ошол фамилиясын сактап калууга укуктуу же анын каалоосу боюнча никенин бузулушун мамлекеттик каттоодо ага никеге чейинки фамилиясы берилет.

Никенин бузулушу жөнүндөгү күбөлүктө кандай маалыматтар камтылат?

  Никенин бузулушу жөнүндөгү күбөлүк төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:

  - никени бузган адамдардын ар биринин фамилиясын (нике бузулганга чейинки жана андан кийинки), атын, атасынын атын, туулган датасын жана жерин, жарандыгын, улутун;

  - никенин бузулушун мамлеке...

  Никенин бузулушу жөнүндөгү күбөлүк төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:

  - никени бузган адамдардын ар биринин фамилиясын (нике бузулганга чейинки жана андан кийинки), атын, атасынын атын, туулган датасын жана жерин, жарандыгын, улутун;

  - никенин бузулушун мамлекеттик каттоо үчүн негиз болгон документ жөнүндө маалыматтарды;

  - никенин токтотулушунун датасын;

  - никенин бузулушу жөнүндөгү акт жазуусун түзүүнүн датасын жана номурун;

  - никенин бузулушунун мамлекеттик катталган жерин (никенин бузулушун мамлекеттик каттоону жүргүзгөн жарандык абалдын актыларын жазуу органынын аталышын);

  - никенин бузулушу жөнүндөгү күбөлүк берилген адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын;

  - никенин бузулушу жөнүндөгү күбөлүк берилген датаны.

  Никенин бузулушу жөнүндөгү күбөлүк жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан никени бузган адамдардын ар бирине берилет.

Читать далее

Никенин бузулгандыгын каттоо канча турат?

Никенин бузулгандыгын каттоо үчүн мамлекеттик алым сот органдары тарабынан аныкталат.

Никени бузуу тууралуу күбөлүк - 4.15 сом.

Арыздын бланкы – 0,50 сом.

Акы банк же терминал аркылуу төлөнөт.

Эскертүү: Бланк продукциясынын баасы банктын жана терминалдын кызмат көрсөтү...

Никенин бузулгандыгын каттоо үчүн мамлекеттик алым сот органдары тарабынан аныкталат.

Никени бузуу тууралуу күбөлүк - 4.15 сом.

Арыздын бланкы – 0,50 сом.

Акы банк же терминал аркылуу төлөнөт.

Эскертүү: Бланк продукциясынын баасы банктын жана терминалдын кызмат көрсөтүүлөрүн эске албастан көрсөтүлдү.

 

* Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү шилтемеге кирсеңиздер болот http://grs.gov.kg/

 

Читать далее