Курагы боюнча пенсия дайындоо үчүн кандай документтер керек


Курагы боюнча пенсия дайындоо үчүн кандай документтер керек?

  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-январындагы № 10 токтому менен пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси бекитилген.

  Аталган тизмеге ылайык курагы боюнча пенсия дайындоо жөнүндө ...

  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-январындагы № 10 токтому менен пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси бекитилген.

  Аталган тизмеге ылайык курагы боюнча пенсия дайындоо жөнүндө арыз менен кошо төмөнкү документтер берилүүгө тийиш:

  1) - алуучунун паспорту

  - качкындын расмий статусуна ээ болгон жарандар үчүн - качкындын күбөлүгү;

  - КР аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар үчүн - КР ички иштер органдары тарабынан берилген жашоо укугуна берилген уруксат.

  2) эмгек китепчеси;

  3) ООЖду же ЖОЖду бүткөндүгүн тууралуу диплом (1999-жылдын 19.02. чейинки окуу эсептелет. Күндүзгү бөлүм);

  4) аскердик билет;

  5) аялдар үчүн - балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;

  6) 1992-1995-жж. жеке ишканаларда иштеген же жеке ишмердик жүргүзгөн адамдар үчүн – СФ органдары тарабынан берилген ошол мезгил үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөнгөндүгү тууралуу маалымкат;

  7) 1996-жылдын 1-январына чейин катары менен каалаган 60 ай үчүн эмгек акы жөнүндө маалымкаттар;

  8) 1996-жылдын 1-январынан тартып иштегендиги жана эмгек акысы жөнүндө иш берүүчү тарабынан берилген маалымат;

  9) башка фамилияга берилген документтер болгондо никени каттоо же бузуу жөнүндө күбөлүк;

  10) пенсиялык күбөлүк алуу үчүн 3x4 см өлчөмүндөгү эки сүрөт.

  11) үстөк акыларды алууга укугун ырастаган документтер:

  - Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусунун же Улуу Ата мекендик согуштун майыбынын же аларга теңештирилген адамдардын күбөлүгү;

  - "Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун кесепеттерин жоюунун катышуучусу" күбөлүгү;

  - "Кыргыз Республикасынын ардактуу донору", "Кыргыз ССРинин ардактуу донору", "СССРдин ардактуу донору" күбөлүгү;

  - сот же башка мамлекеттик органдар (прокуратура же улуттук коопсуздук органдары) тарабынан берилген реабилитациялоо жөнүндө маалымкат;

  - II топтогу жалгыз бой майыптын башка бирөөнүн багуусуна муктаж экендиги жөнүндө дарылоо мекемесинин маалымкаты; мында жалгыз жашагандыгынын фактысы жашаган жеринен берилген маалымкат жана текшерүү актысы менен ырасталат;

  - СССРдин "Мать-героиня" жана Кыргыз Республикасынын "Баатыр эне" ордендери менен энелердин сыйлангандыгын тастыктай турган документтер;

Читать далее

Жеңилдик берилген шартта курагы боюнча пенсиялар үчүн жогорудагы 1-11-пункттарда көрсөтүлгөн документтерге кошумча иретинде төмөндөгү документтер берилүүгө тийиш:

  а) N 1 жана N 2 тизмелер боюнча - эмгектин жеңилдик берүүчү мүнөзүн ырастоочу маалымкаттар. Маалымкатта: атайын стажга эсептеле турган иштин мезгили, кесиби же кызматы, аткарылган ишинин мүнөзү, иштин ушул мезгили тизмелердин кайсыл бөлүмүнө, бөлүмчөсүнө, пунктуна, аталышына кирг...

  а) N 1 жана N 2 тизмелер боюнча - эмгектин жеңилдик берүүчү мүнөзүн ырастоочу маалымкаттар. Маалымкатта: атайын стажга эсептеле турган иштин мезгили, кесиби же кызматы, аткарылган ишинин мүнөзү, иштин ушул мезгили тизмелердин кайсыл бөлүмүнө, бөлүмчөсүнө, пунктуна, аталышына киргизиле тургандыгы жана алардын номери, анын негизинде аталган маалымкаттар берилген баштапкы документтер көрсөтүлүүгө тийиш. Зарыл учурда жумуш орундарын аттестациялоонун натыйжалары менен эмгектин өзгөчө шарттарында иштөөнүн далилдери берилет.

  б) бийик тоолуу шарттарда жашаган адамдарга пенсия дайындоо үчүн эмгектенген ишканасы, уюму жайгашкан жер жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же айыл өкмөтүнүн маалымкатты, ал эми аялдарга кошумча - үч баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жана аларды сегиз жашка чейин тарбиялагандыгын ырастаган документтер (балдардын паспорттору, жашаган жеринен айыл өкмөтү, үй башкармалары тарабынан берилген маалымкаттар);

  в) көп балалуу энеге жеңилдик берүүчү пенсия дайындоо үчүн - беш баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жана аларды сегиз жашка чейин тарбиялагандыгын ырастаган документтер (балдардын паспорттору, жашаган жеринен айыл өкмөтү, үй башкармалары тарабынан берилген маалымкаттар);

  г) бала чагынан майып баланын энесине жеңилдик берүүчү пенсия дайындоо үчүн - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин дарылоо-алдын алуу мекемелеринин врачтык-консультациялык комиссиясынын маалымкаты же Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) майыптуулугун аныктагандыгы жөнүндө маалымкаты, ошондой эле аны сегиз жашка чейин тарбиялагандыгын ырастаган документтер (балдардын паспорттору, жашаган жеринен айыл өкмөтү, үй башкармалары тарабынан берилген маалымкаттар);

  д) ишканалардын кайра уюштурулушуна, жоюлушуна, штаттык сандын кыскарышына байланыштуу алардан бошотулган адамдар үчүн - Социалдык фондго кызматкер пенсияга чыгуунун жалпы белгиленген курагына жеткенге чейин мөөнөтүнөн мурда пенсия төлөө үчүн акчалай каражаттардын которулгандыгы жөнүндө төлөм тапшырмасынын көчүрмөсү;

  е) гипофизардык нанизм дартына чалдыккан адамдар (эргежелдер) жана диспропорциялык кодолор үчүн - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин дарылоо-алдын алуу мекемелеринин врачтык-консультациялык комиссиясынын маалымкаты;

  ж) учкучтарга жана сыноочу учкучтардын курамына пенсия дайындоо үчүн - аба транспортун пайдалануучунун учуу сааттары жөнүндө жана пенсия төлөөгө кетүүчү чыгашаларды жабууга каражаттардын чегерилгендигин ырастаган документтер берилет.

* Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү шилтемеге кирсеңиздер болот http://socfond.kg/.

 

Читать далее