Баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алуу үчүн кандай документтер керек


Баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алуу үчүн кандай документтер керек?

  Баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алуу үчүн Социалдык фонддун аймактык башкармалыгына төмөнкү документтер берилүүгө тийиш:

  1) - алуучунун паспорту

  - качкындын расмий статусуна ээ болгон жарандар үчүн - качкындын күбөлүгү;

  - КР аймагында туру...

  Баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алуу үчүн Социалдык фонддун аймактык башкармалыгына төмөнкү документтер берилүүгө тийиш:

  1) - алуучунун паспорту

  - качкындын расмий статусуна ээ болгон жарандар үчүн - качкындын күбөлүгү;

  - КР аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар үчүн - КР ички иштер органдары тарабынан берилген жашоо укугуна берилген уруксат.

  Баккан адамдын документтери:

  2) эмгек китепчеси;

  3) ООЖду же ЖОЖду бүткөндүгүн тууралуу диплом (окуу 1999-жылдын 19.02. чейин эсептелет. Күндүзгү бөлүм);

  4) аскердик билет;

  5) аялдар үчүн - балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;

  6) 1992-1995-жж. жеке ишканаларда иштеген же жеке ишмердик жүргүзгөн адамдар үчүн – СФ органдары тарабынан берилген ошол мезгил үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөнгөндүгү тууралуу маалымкат;

  7) 1996-жылдын 1-январына чейин катары менен каалаган 60 ай үчүн эмгек акы жөнүндө маалымкаттар;

  8) 1996-жылдын 1-январынан тартып иштегендиги жана эмгек акысы жөнүндө иш берүүчү тарабынан берилген маалымат;

  9) башка фамилияга берилген документтер болгондо никени каттоо же бузуу жөнүндө күбөлүк;

  10) баккан адамынын каза болгондугу жөнүндө күбөлүктүн нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

Багуудагы адамдын документтери:

  11) эмгекке жараксыз багууда болгондордун туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү;

  12) эгерде багуудагы адам бала чагынан майып болсо - майыптыгынын тобун белгилөө жөнүндө МСЭКтин маалымкаты;

  13) үй-бүлөнүн эмгекке жараксыз мүчөсүнүн каза болгон баккан адамдын багуусунда болгондугун ырастаган документтер;

  14) камкорчунун арызына аны камкорчу кылып дайындоо жөнүндө камкорчулук органынын чечиминин көчүрмөсү тиркелет;

  15) өгөй баланын (кыздын) өлгөн адамдын тарбиялоосунда жана багуусунда болгондугунун ырастаган документтер;

  16) багууда болгон балдар ООЖдун же ЖОЖдун окуучулары экендигин ырастаган документтер.

*Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү шилтемеге кирсеңиздер болот  http://socfond.kg/.

Читать далее