Эмгек талаш-тартыштарын кантип чечүү керек


Эмгек талаш-тартыштарын кантип чечүү керек?

  Эмгек талаш-тартыштары төмөнкү органдар тарабынан гана каралат:

  • эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссиялар (10 жана андан көп адам иштеген уюмдарда түзүлөт);

  • эмгек жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар;

  • Кыргыз Республикасынын жалпы юрисдикциясынд...

  Эмгек талаш-тартыштары төмөнкү органдар тарабынан гана каралат:

  • эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссиялар (10 жана андан көп адам иштеген уюмдарда түзүлөт);

  • эмгек жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар;

  • Кыргыз Республикасынын жалпы юрисдикциясындагы соттор.

  Кызматкер өзүнүн каалоосу боюнча эмгек талаш-тартышын кароо үчүн ушул органдардын бирин тандоого укуктуу. Уюмда эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссия сыяктуу орган жок болгон учурда бул талаш-тартыш ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же сот тарабынан каралат.

  Кызматкер жогоруда аталган органдарга кайрылууга укуктуу болгон жалпы мөөнөт бар – бул өзүнүн укугу бузулгандыгы жөнүндө билген күндөн тартып 3 ай бою. Иштен бошотуу жөнүндө талаш-тартыштар боюнча мөөнөт тиешелүү буйрук менен таанышкан күндөн же эмгек китепчеси берилген күндөн, б.а. ал өзүнүн укуктары бузулгандыгы жөнүндө билген күндөн тартып 2 айды түзөт.

  Эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссия ар кандай маселелер боюнча эмгек талаш-тартыштарын карайт, буга жеке эмгек талаш-тартыштары кирбейт, алар боюнча Кодексте жана башка мыйзамдарда аларды кароонун башка тартиби белгиленген.

 

Бул материал “Каликова энд Ассошиэйтс” юридикалык фирмасынын юристтери тарабынан иштелип чыкты

Читать далее