Эмгек келишимин бузуу жол-жоболору кандай


Эмгек келишимин бузуу жол-жоболору кандай?

  Эмгек талаш-тартыштары төмөнкү органдар тарабынан гана каралат:

  • эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссиялар (10 жана андан көп адам иштеген уюмдарда түзүлөт);

  • эмгек жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар;

  • Кыргыз Республикасынын жалпы юрисдикциясынд...

  Эмгек талаш-тартыштары төмөнкү органдар тарабынан гана каралат:

  • эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссиялар (10 жана андан көп адам иштеген уюмдарда түзүлөт);

  • эмгек жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар;

  • Кыргыз Республикасынын жалпы юрисдикциясындагы соттор.

  Кызматкер өзүнүн каалоосу боюнча эмгек талаш-тартышын кароо үчүн ушул органдардын бирин тандоого укуктуу. Уюмда эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссия сыяктуу орган жок болгон учурда бул талаш-тартыш ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же сот тарабынан каралат.

  Кызматкер жогоруда аталган органдарга кайрылууга укуктуу болгон жалпы мөөнөт бар – бул өзүнүн укугу бузулгандыгы жөнүндө билген күндөн тартып 3 ай бою. Иштен бошотуу жөнүндө талаш-тартыштар боюнча мөөнөт тиешелүү буйрук менен таанышкан күндөн же эмгек китепчеси берилген күндөн, б.а. ал өзүнүн укуктары бузулгандыгы жөнүндө билген күндөн тартып 2 айды түзөт.

  Эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссия ар кандай маселелер боюнча эмгек талаш-тартыштарын карайт, буга жеке эмгек талаш-тартыштары кирбейт, алар боюнча Кодексте жана башка мыйзамдарда аларды кароонун башка тартиби белгиленген.

Бул материал “Каликова энд Ассошиэйтс” юридикалык фирмасынын юристтери тарабынан иштелип чыкты.

Читать далее

Эмгек келишимин тараптардын макулдугу боюнча кантип бузууга болот?

  Эмгек келишими тараптардын макулдугу боюнча бузулушу мүмкүн, ал милдеттүү түрдө жазуу жүзүндө таризделет. Эмгек келишимин бузуу жөнүндө сунуш алган тарап 3 күндүн ичинде өзүнүн чечими тууралуу жазуу жүзүндө билдириши керек. Эмгек келишимин бузуу жөнүндө келишимди тараптардын маку...

  Эмгек келишими тараптардын макулдугу боюнча бузулушу мүмкүн, ал милдеттүү түрдө жазуу жүзүндө таризделет. Эмгек келишимин бузуу жөнүндө сунуш алган тарап 3 күндүн ичинде өзүнүн чечими тууралуу жазуу жүзүндө билдириши керек. Эмгек келишимин бузуу жөнүндө келишимди тараптардын макулдугу боюнча гана жокко чыгарууга болот.

Бул материал“Каликова энд Ассошиэйтс”юридикалык фирмасынын юристтери тарабынан иштелип чыкты

Читать далее

Эмгек келишимин кызматкердин демилгеси боюнча (өз каалоосу боюнча) кантип бузууга болот?

  Эмгек келишими кызматкердин арызы боюнча бузулушу мүмкүн, ал тууралуу иш берүүчүгө, эреже катары, 2 жумадан кечиктирбестен билдирүү зарыл. Бирок тараптар эмгек келишимин андан эрте бузуу жөнүндө сүйлөшүп алса болот. Кызматкер да иштен бошотуу жөнүндө өзүнүн арызын чакыртып алууга...

  Эмгек келишими кызматкердин арызы боюнча бузулушу мүмкүн, ал тууралуу иш берүүчүгө, эреже катары, 2 жумадан кечиктирбестен билдирүү зарыл. Бирок тараптар эмгек келишимин андан эрте бузуу жөнүндө сүйлөшүп алса болот. Кызматкер да иштен бошотуу жөнүндө өзүнүн арызын чакыртып алууга укуктуу. Эгерде арызда эмгек келишимин бузуу мөөнөтү көрсөтүлбөсө, анда чакыртып алууну 14 күндүн ичинде жасоого болот. Белгилүү бир учурларда арызды чакыртып алуу иш берүүчү тарабынан канааттандырылбайт (Мисалы, кош бойлуу аялга, калкты ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик кызматтын жөнөтүүсү боюнча).

  Иш берүүчү жөнү бар себептер болгондо (ден соолугу, пенсия курагына жеткендиги, окууга тапшыруу, башка жерге кетүү, эмгек жөнүндө мыйзамды же жамааттык келишимди бузуу ж.б. боюнча) кызматкер көрсөткөн мөөнөттө эмгек келишимин бузууга милдеттүү.

Бул материал“Каликова энд Ассошиэйтс юридикалык фирмасынын юристтери тарабынан иштелип чыкты

Читать далее

Иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишимин бузуу жол-жобосу кандай?

  Эмгек келишими иш берүүчүнүн демилгеси боюнча белгилүү бир учурларда бузулат. Мисалы, уюм жоюлганда, кызматкерлердин штаты кыскарганда, кызматкер ээлеген кызмат ордуна ылайык келбегенде ж.б. (Кызматкерди иш берүүчүнүн демилгеси боюнча иштен бошотуу үчүн негиздердин тизмеси КР ЭКн...

  Эмгек келишими иш берүүчүнүн демилгеси боюнча белгилүү бир учурларда бузулат. Мисалы, уюм жоюлганда, кызматкерлердин штаты кыскарганда, кызматкер ээлеген кызмат ордуна ылайык келбегенде ж.б. (Кызматкерди иш берүүчүнүн демилгеси боюнча иштен бошотуу үчүн негиздердин тизмеси КР ЭКнын 83-беренесинде белгиленген). Эмгек келишимин бузууда иш берүүчү ар бир учур үчүн өз-өзүнчө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдөн кечиктирбестен иштен бошотуу жөнүндө кызматкерге жазуу жүзүндө эскертүүгө милдеттүү. Мисалы, уюм жоюлганда иш берүүчү иштен бошотконго 1 ай калгандан кеч эмес мөөнөттө кызматкерге билдирүүгө милдеттүү. Андан тышкары, айрым учурларда (штат сакталып калганда) иш берүүчү кызматкердин өкүлчүлүктүү органы (профсоюз) менен макулдашуу жүргүзүү керек. Бул учурлар КР ЭКнын 184-беренесинде көрсөтүлгөн.

  Кызматкерлердин штаты кыскарганда, кызматкер аткарган ишине ылайык келбегенде, квалификациясы жетишсиз болгондо же ден соолугу боюнча, ошондой эле кызматкер иштөө шарттары олуттуу түрдө өзгөргөндүгүнө байланыштуу иштөөнү улантуудан баш тартканда иш берүүчү бул кызматкерди анын макулдугу менен башка кызмат ордуна которо алат. Мында кызматкерлердин штаты кыскарганда иште калтыруу артыкчылыгы квалификациясы жана өндүрүмдүүлүгү кыйла жогору кызматкерге берилээрин эстен чыгарбоо маанилүү. Иш издөө үчүн кызматкерге орто эмгек акыдан төмөн эмес эмгек акы төлөөнү сактоо менен жумасына кеминде бир бош күн берилет.

Бул материал “Каликова энд Ассошиэйтсюридикалык фирмасынын юристтери тарабынан иштелип чыкты

 

Читать далее