Никеге турууну мамлекеттик каттоо тартиби


Никени кайсыл жерде каттоого болот?

  Никеге турууну мамлекеттик каттоо никеге туруучу адамдардын, алар каалаган же ата-энелеринин биринин жашаган жери боюнча жарандык абал актыларын жазуу органдары тарабынан жүргүзүлөт.

Никеге туруу жөнүндө арызда кандай маалыматтар көрсөтүлүп жана кандай документтерди көрсөтүү керек?

Никеге кирүүчү адамдар жарандык абалдын актыларын жазуу органына никеге туруу жөнүндө жазуу формасында биргелешкен арыз беришет.

Биргелешкен арызда никеге турууга өз ара ыктыярдуу макулдашуу, ошондой эле никеге турууга тоскоолдук кылуучу шарттардын жоктугу тастыкталууга тийиш. Никеге...

Никеге кирүүчү адамдар жарандык абалдын актыларын жазуу органына никеге туруу жөнүндө жазуу формасында биргелешкен арыз беришет.

Биргелешкен арызда никеге турууга өз ара ыктыярдуу макулдашуу, ошондой эле никеге турууга тоскоолдук кылуучу шарттардын жоктугу тастыкталууга тийиш. Никеге туруу жөнүндө биргелешкен арызда төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:

- никеге туруп жаткан адамдардын ар биринин фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, никеге турууну мамлекеттик каттоо күнүндөгү жаш курагы, жарандуулугу, улуту, жашаган жери;

- никеге кирип жаткандар тандаган фамилиялары;

- никеге кирип жаткандардын ким экендигин ырастаган зарыл керектүү документтердин реквизиттери.

Никеге кирүүчү адамдар никеге туруу жөнүндө биргелешкен арызга кол коюшат жана аны түзгөн күндү көрсөтүшөт.

Никеге туруу жөнүндө биргелешкен арыз менен бирге берилүүчү зарыл документтер:

- никеге кирүүчүлөрдүн ким экендигин ырастаган документтер;

- эгерде адам (жак) мурда никеде турган болсо, мурдагы никенин токтотулгандыгын тастыктаган документ;

- эгерде никеге кирүүчү адамдын (жактын) жашы жете элек болсо (Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 14-статьясынын 2-пункту), никелик куракка жеткиче никеге кирүүгө уруксат берүү.

Эгерде никеге кирүүчү адамдардын бири ушул статьянын 1-пунктунда каралган биргелешкен арызды берүү үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органына келүү мүмкүнчүлүгү жок болсо, никеге кирүүчү адамдын эрки никеге туруу жөнүндө өзүнчө арыздар менен жол-жоболоштурулушу мүмкүн. Адамдын мындай арызындагы кол тамгасы нотариалдык жактан ырасталууга тийиш.

Читать далее

Никеге турууну мамлекеттик каттоонун тартиби кандай?

  Никеге турууну мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 12-статьясында, 13-статьясынын 1-пунктунда, 14 жана 163-статьяларында каралган шарттар сакталганда жүргүзүлөт.

  Никеге туруу жана никеге турууну мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын жазу...

  Никеге турууну мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 12-статьясында, 13-статьясынын 1-пунктунда, 14 жана 163-статьяларында каралган шарттар сакталганда жүргүзүлөт.

  Никеге туруу жана никеге турууну мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын жазуу органына никеге туруу жөнүндө биргелешкен арыз берген күндөн бир ай өткөндөн кийин жүргүзүлөт.

  Никеге кирүүчү адамдардын биргелешкен арызы боюнча ушул статьянын 2-пунктунда белгиленген мөөнөт Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 12-статьясынын 1-пунктунда каралган негиздер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органынын жетекчиси тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн.

  Никеге турууну мамлекеттик каттоо никелешкен адамдардын катышуусу менен жүргүзүлөт.

  Никелешкен адамдардын каалоолору боюнча никеге турууну мамлекеттик каттоо салтанаттуу кырдаалда жүргүзүлүшү мүмкүн.

  Эгерде никелешкен адам (адамдардын бири) катуу оорунун же башка жүйөлүү себептердин натыйжасында биргелешкен арыз берүү үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органына келе албаса, никени мамлекеттик каттоо никеге кирүүчү адамдардын катышуусу менен үйүндө, медициналык же башка мекемеде жүргүзүлүшү мүмкүн.

  Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлүк жарандар менен никеге туруусун мамлекеттик каттоо төмөнкүдөй документтерди берүүдө жүргүзүлөт:

  - эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, ал жараны болуп саналган мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан берилген, белгиленген тартипте легалдаштырылган же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосун тиркөө менен апостиль болгондо, чет өлкөлүк жарандын никесинин жоктугу жөнүндө маалымкаты;

  - нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосун тиркөө менен чет өлкөлүк жарандын паспорту.

  Камакта отурган же эркинен ажыратуу орундарында жазасын өтөп жаткан адамдар менен никеге турууну мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын жазуу органынын жетекчисинин макулдугу боюнча тиешелүү мекеменин начальниги чектеген жайда жүргүзүлөт.

  Никеге турууну мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 15-статьясында белгиленген жагдайларда никеге турууга тоскоолдуктар болсо жүргүзүлүшү мүмкүн эмес.

  Жарандык абалдын актыларын жазуу органынын жетекчиси, эгерде никеге турууга тоскоолдук кылуучу жагдайлар далилдүү аныктоолор менен тастыкталса, никеге турууну мамлекеттик каттоодон баш тарта алат.

  Жарандык абалдын актысын жазуу органынын никени каттоодон баш тартышы никелешүүнүн каалаган адамдар (алардын бири) тарабынан сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.

Читать далее

Никеге туруу жөнүндө күбөлүктө кандай маалыматтар камтылат?

  Никеге туруу жөнүндөгү күбөлүк төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:

- никеге тургандардын ар биринин фамилиясын (никеге турганга чейинки жана андан кийинки), атын, атасынын атын, туулган датасын жана жерин, жарандыгын жана улутун;

- никеге турган датаны;

- никеге туруу жөнү...

  Никеге туруу жөнүндөгү күбөлүк төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:

- никеге тургандардын ар биринин фамилиясын (никеге турганга чейинки жана андан кийинки), атын, атасынын атын, туулган датасын жана жерин, жарандыгын жана улутун;

- никеге турган датаны;

- никеге туруу жөнүндөгү акт жазуусу түзүлгөн датаны жана номурун;

- никеге турууну мамлекеттик каттаган жерди (жарандык абалдын актысын жазуу органынын аталышын);

- никеге туруу жөнүндөгү күбөлүк берилген датаны.

Читать далее