Алимент өндүрүү


Жашы жетпеген балдарды багуу боюнча ата-эненин кандай финансылык милдеттери бар?

  Ата-эне өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багууга милдеттүү. Жашы жетпеген балдарды багуунун тартиби менен түрү ата-эне тарабынан өз алдынча аныкталат.

  Ата-эне өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багуу тууралу ушул Кодекстин 17-главасына ылайык макулдашуу (алимент төлөө туу...

  Ата-эне өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багууга милдеттүү. Жашы жетпеген балдарды багуунун тартиби менен түрү ата-эне тарабынан өз алдынча аныкталат.

  Ата-эне өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багуу тууралу ушул Кодекстин 17-главасына ылайык макулдашуу (алимент төлөө тууралу макулдашуу) түзүүгө укуктуу.

  Эгерде ата-энеси өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багууга каражат бербесе, аларды баккан каражат (алимент) жашы жетпеген балдарына алимент өндүрүп алуу тууралу алардын ата-энесинен (экөөнүн биринен) доо коюу укугу берилген балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдүн сотко берген доосунун негизинде ата-энеден сот тартибинде өндүрүп алынат.

Читать далее

Жашы жетпеген балдарга сот тартибинде өндүрүп алынуучу алименттердин өлчөмүн кантип аныктоо керек?

  Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу болбогондо жашы жетпеген балдарга алименттер алардын ата-энесинен ай сайын төмөндөгүдөй өлчөмдө өндүрүп алынат: бир балага - ата-эненин иштеп тапканынын жана (же) дагы башка кирешесинин төрттөн бири, эки балага - үчтөн бири, үч же андан көп балага...

  Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу болбогондо жашы жетпеген балдарга алименттер алардын ата-энесинен ай сайын төмөндөгүдөй өлчөмдө өндүрүп алынат: бир балага - ата-эненин иштеп тапканынын жана (же) дагы башка кирешесинин төрттөн бири, эки балага - үчтөн бири, үч же андан көп балага - жарымы.

  Бул үлүштөрдүн өлчөмү сот аркылуу тараптардын материалдык же үй-бүлөлүк абалын жана көңүлгө алынуучу дагы башка жагдайларын эске алуу менен азайтылышы же көбөйтүлүшү мүмкүн.

  Фермердик чарба жүргүзүүдө жүгүртүүдөгү накталай акча каражаттары жок болсо, алименттин орду натуралай азык-түлүк менен толтурулушу мүмкүн.

  Эмгек акынын жана (же) колдо кирешенин жоктугу балдарды багуу боюнча милдеттерден ата-энени бошотпойт жана ал белгиленген өлчөмдө алимент төлөө үчүн каражатты өз алдынча издеп табууга, ошол жердеги орточо эмгек акынын өлчөмүнө жараша же алиментти кыймылдуу, болбосо кыймылсыз мүлк же балага же балдарга барабар үлүштөрдө менчигине берүү жолу менен анын бөлүгү менен жаап берүүгө милдеттүү.

Читать далее