Никенин бузулушун каттоо тартиби


Никенин бузулушун мамлекеттик каттоо үчүн кандай негиздер бар?

  Никенин бузулушун мамлекеттик каттоо үчүн төмөндөгүлөр негиз болуп саналат:

  - жашы жетпеген жалпы балдары жок жубайлардын никенин бузулушу жөнүндөгү биргелешкен арызы;

  - жубайлардын бири тарабынан берилген никенин бузулушу жөнүндө арыз жана эгерде ал сот тараб...

  Никенин бузулушун мамлекеттик каттоо үчүн төмөндөгүлөр негиз болуп саналат:

  - жашы жетпеген жалпы балдары жок жубайлардын никенин бузулушу жөнүндөгү биргелешкен арызы;

  - жубайлардын бири тарабынан берилген никенин бузулушу жөнүндө арыз жана эгерде ал сот тарабынан дайынсыз жок деп табылса, сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылса же жасаган кылмышы үчүн үч жылдан ашуун мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолсо, жубайдын бирине карата соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими (өкүмү);

  - никенин бузулушу жөнүндөгү соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими.

Читать далее

Никенин бузулушун кайсыл жерде каттоого болот?

  Никени бузулушун мамлекеттик каттоо жубайлардын (жубайлардын биринин) жашаган жери боюнча же болбосо никеге турууну мамлекеттик каттоого алган жери боюнча жарандык абалдын актысын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.

Жашы жетпеген жалпы балдары жок жубайлардын өз ара макулдугу боюнча никенин бузулушун каттоо тартиби кандай?

  Жашы жетпеген жалпы балдары жок жубайлар никенин бузулушуна өз ара макул болгондо никенин бузулушу жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.

  Никенин бузулушун каалаган жубайлар жарандык абалдын актыларын жазуу органына никенин бузулушу жөнүндө жазуу ...

  Жашы жетпеген жалпы балдары жок жубайлар никенин бузулушуна өз ара макул болгондо никенин бузулушу жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.

  Никенин бузулушун каалаган жубайлар жарандык абалдын актыларын жазуу органына никенин бузулушу жөнүндө жазуу формасында биргелешкен арыз беришет.

  Никенин бузулушу жөнүндөгү биргелешкен арызда жубайлар никенин бузулушуна өз ара макулдуктарын жана жашы жете элек жалпы балдары жок экендигин тастыктоого тийиш. Никенин бузулушу жөнүндөгү биргелешкен арызда да төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш:

  - жубайлардын ар биринин фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, жарандыгы, улуту, жашаган жери;

  - никеге туруу жөнүндөгү акт жазуусунун реквизиттери;

  - никенин бузулушунда жубайлардын ар бири тандап алган фамилиялар;

  - жубайлардын инсандыгын ырасталган документтердин реквизиттери.

  Никенин бузулушун каалаган жубайлар биргелешкен арызга кол коюшат жана ал түзүлгөн датаны көрсөтүшөт.

  Эгерде никенин бузулушун каалаган жубайлардын биринин ушул статьянын 2-пунктунда каралган арызды берүү үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органына келүү мүмкүнчүлүгү жок болсо, жубайлардын эркин билдирүүсү никенин бузулушу жөнүндө өзүнчө арыз менен жол-жоболоштурулушу мүмкүн. Жубайдын мындай арызындагы кол тамгасы нотариус тарабынан ырасталууга тийиш.

  Никенин бузулушу жана анын бузулушун мамлекеттик каттоо никенин бузулушу тууралу жубайлар биргелешкен арыз берген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин жубайлардын экөөнүн тең же экөөнүн биринин катышуусу менен жүргүзүлөт.

Читать далее

Жубайлардын биринин арызы боюнча никенин бузулушун каттоо тартиби кандай?

  Жубайлардын биринин арызы боюнча никенин бузулушу, эгерде экинчи жубай:

  - сот тарабынан дайынсыз деп табылса;

  - сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылса;

  - кылмыш жасагандыгы үчүн үч жылдан ашуун мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолсо, жаранды...

  Жубайлардын биринин арызы боюнча никенин бузулушу, эгерде экинчи жубай:

  - сот тарабынан дайынсыз деп табылса;

  - сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылса;

  - кылмыш жасагандыгы үчүн үч жылдан ашуун мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолсо, жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.

  Ушул статьянын 1-пунктунда каралган учурларда никенин бузулушун мамлекеттик каттоо никенин бузулушун каалаган жубайлардын биринин арызы боюнча жүргүзүлөт.

  Никенин бузулушу жөнүндөгү арызда төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш:

  - никенин бузулушун каалаган жубайдын фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, жарандыгы, улуту, жашаган жери;

  - ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн никенин бузулушу үчүн негиз;

  - экинчи жубайдын фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, жарандыгы, белгилүү болгон акыркы жашаган жери;

  - никеге туруу жөнүндөгү акт жазуусунун реквизиттери;

  - никенин бузулушун каалаган жубай тандап алган фамилия;

  - никенин бузулушун каалаган жубайдын инсандыгын ырастаган документтин реквизиттери;

  - аракетке жөндөмсүз жубайдын камкорчусунун же дайынсыз кеткен жубайдын мүлкүн башкаруучунун жашаган жери, болбосо соттолгон жубай жазасын өтөп жаткан жаза мекемесинин жайгашкан орду.

  Никенин бузулушун каалаган жубай арызга кол коет жана ал түзүлгөн датаны көрсөтөт.

  Никенин бузулушу жөнүндө арыз менен бир эле убакта:

  - экинчи жубайды дайынсыз же аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими, болбосо экинчи жубайды үч жылдан ашуун мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгондугу тууралу соттун өкүмү;

  - арыз ээсинин инсандыгын ырастаган документ берилүүгө тийиш.

  Жубайлардын биринин арызы боюнча никенин бузулушун мамлекеттик каттоо никенин бузулушу жөнүндө арыз берилген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин анын катышуусу менен жүргүзүлөт.

  Никенин бузулушу жөнүндө арызды кабыл алган жарандык абалдын актысын жазуу органы жазасын өтөп жаткан жубайга, болбосо аракетке жөндөмсүз жубайдын камкорчусуна же дайынсыз кеткен жубайдын мүлкүн башкаруучуга, ал эми алар жок болгон учурда түшкөн арыз жана никенин бузулушун мамлекеттик каттоо үчүн белгиленген дата тууралу камкордук жана көзөмөлдүк органына үч күндүк мөөнөт ичинде маалымдайт.

  Эгерде нике аракетке жөндөмсүз же үч жылдан ашуун мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгон жубай менен бузулса, маалымдамада никенин бузулушун мамлекеттик каттоо үчүн белгиленген датага чейин никенин бузулушунда ал тандап ала турган фамилияны билдирүүнүн зарылдыгы да көрсөтүлөт.

Читать далее