Пенсия алуу үчүн кайрылуунун тартиби кандай


Пенсия алуу үчүн кайрылуунун тартиби кандай?

  Курагы боюнча (N 2 тизме боюнча эмгектин өзгөчө шарттары жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлери үчүн пенсияга укугу барлардан башка), майыптыгы боюнча, баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алууга укугу бар камсыздандырылган адамдар пенсия дайындоо жөнүндө арыз менен Социал...

  Курагы боюнча (N 2 тизме боюнча эмгектин өзгөчө шарттары жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлери үчүн пенсияга укугу барлардан башка), майыптыгы боюнча, баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алууга укугу бар камсыздандырылган адамдар пенсия дайындоо жөнүндө арыз менен Социалдык фонддун өзү жашаган жердеги аймактык бөлүмүнө арыз менен кайрылат.

  N 2 тизме боюнча эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсияга укугу бар камсыздандырылган адамдар жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлери пенсия дайындоо жөнүндө арыз менен жеңилдик берүүчү стажынын көпчүлүк бөлүгү иштелген жердеги ишкананын администрациясына кайрылат.

  Жеңилдик берүүчү пенсияларды төлөөгө арналган каражаттарды капиталдаштырууну жана Социалдык фондго өткөрүп берүүнү жүргүзгөн ишканалар жоюлган, кайра уюштурулган учурларда N 2 тизме боюнча эмгектин өзгөчө шарттары үчүн иштин зарыл стажын иштеген жарандар жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлери Социалдык фонддун өзү жашаган жердеги аймактык бөлүмүнө пенсия дайындоо жөнүндө арыз менен кайрылат.

  Ишканада жеңилдик берүүчү шарттарда пенсия алган камсыздандырылган адамдар СП2 пенсиясынын экинчи камсыздандыруу бөлүгүн дайындоо жөнүндө Социалдык фонддун өзү жашаган жердеги аймактык бөлүмүнө арыз менен кайрылат.

  N 2 тизме боюнча жеңилдик берүүчү стажды иштеп бүткөн камсыздандырылган адамдар "РЕSАС" программасына кирген ишканалардын жана 1996-жылга чейин укук улантуучусуз жана каражаттарды капиталдаштырылбастан жоюлган ишканалардын текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлери пенсия дайындоо жөнүндө Социалдык фонддун өзү жашаган жердеги аймактык органына арыз менен кайрылат.

  Учкучтардын жана учуучу-сыноочу курамга кирген, эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсияга укугу бар камсыздандырылган адамдар пенсия дайындоо жөнүндө Социалдык фонддун өзү жашаган жердеги аймактык бөлүмүнө арыз менен кайрылат.

  Кары-картаңдар жана майыптар үйлөрүндө жашаган камсыздандырылган адамдар пенсия дайындоо жөнүндө Социалдык фонддун кары-картаңдар жана майыптар үйү жайгашкан жердеги аймактык бөлүмүнө пенсия дайындоо жөнүндө арыз менен ушул мекеменин администрациясы аркылуу кайрылат.

  Тергөө изоляторлорунда жүргөн жана түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан камсыздандырылган адамдар пенсиянын камсыздандырылган бөлүгүн дайындоо жөнүндө Социалдык фонддун өзү жашаган жердеги аймактык бөлүмүнө мекеменин администрациясы же ишенимдүү адамы аркылуу арыз менен кайрылат.

  Пенсия дайындалган адам жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз болгон учурларда, пенсия дайындоо жөнүндө арыз Социалдык фонддун ал жашаган жердеги аймактык бөлүмүнө анын ата-энеси (асырап алгандар, камкорчулар, көзөмөлчүлөр) тарабынан пенсия дайындоо жөнүндө арыз берилет. Бул учурда эгерде жашы жете элек баланын же аракетке жөндөмсүз адамдын ата-энеси (асырап алуучулар, камкорчулар, көзөмөлчүлөр) өзүнчө жашаса, анда арыз жашы жете элек бала же аракетке жөндөмсүз адам чогуу жашаган ата-энеси (асырап алуучу, камкорчу, көзөмөлчү) жашаган жер боюнча берилет.

  Эгерде жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз адамдын мыйзамдуу өкүлү жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз адам дайыма болуучу тиешелүү мекеме болуп эсептелсе, пенсия дайындоо жөнүндө арыз Социалдык фонддун ушул мекеме жайгашкан жердеги аймактык бөлүмүнө берилет.

  16 жашка толгон жашы жете элек бала баккан адамынан айрылган учурда пенсия дайындоо үчүн ушул Жобого ылайык Социалдык фонддун өзү жашаган жердеги аймактык бөлүмүнө өз алдынча кайрылууга укуктуу.

  "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген пенсияга укуктары пайда болгондон кийин каалаган учурда камсыздандырылган адамдар кандайдыр бир мөөнөт чектелбестен пенсия дайындоо үчүн кайрыла алат.

  Курагы боюнча пенсия дайындоо, анын ичинде жеңилдик берүүчү шарттарда пенсия дайындоо жөнүндө арыз пенсиялык куракка жеткенге чейин, бирок ушул пенсияга укук келип чыкканга бир ай калгандан эрте берилбөөгө тийиш.

  Камсыздандырылган адамдын пенсия дайындоо үчүн кайрылган күнү катары бардык зарыл болгон документтер менен бирге пенсия дайындоо жөнүндө арыз пенсия дайындоочу орган тарабынан кабыл алынган күн эсептелет. Эгерде аталган арыз почта аркылуу жөнөтүлсө жана мында бардык зарыл документтер тиркелсе, анда пенсия алуу үчүн кайрылган дата катары ушул арыз жөнөтүлгөн жердеги почталык штемпелде көрсөтүлгөн дата эсептелет.

  Пенсия дайындоо жөнүндө белгиленген үлгүдөгү арызда камсыздандырылган адамдын социалдык коргоо күбөлүгүнүн жекече идентификациялык номери жана паспорттук маалыматтары көрсөтүлүүгө тийиш.

  Социалдык коргоо күбөлүгү жок болгон учурда, арыз берүүчү милдеттүү социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын персонификацияланган (жеке) эсепке алуу системасында каттоодон өтүү аркылуу аны алуу үчүн Социалдык фонд органына кайрылууга тийиш.

  Пенсия дайындоо жөнүндө арызга пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон бардык документтер, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Тизмеге ылайык тиркелүүгө тийиш.

  Эгерде пенсия дайындоо үчүн берилген документтерди жана персонификациялаган эсепке алуунун маалыматтарында пенсия дайындоо үчүн зарыл маалыматтар жок болсо, Социалдык фонддун пенсия дайындоочу аймактык бөлүмү пенсия дайындоо үчүн кайрылган камсыздандырылган адамга кошумча түрдө берүүгө тийиш болгон документтер жөнүндө түшүнүк берет. Эгерде мындай документтер тиешелүү түшүнүк берилген күндөн тартып үч айдан кечиктирилбестен берилсе, пенсия алуу үчүн кайрылган күн деп пенсия дайындоо жөнүндө арыз кабыл алынган күн же ушул арыз жөнөтүлгөн жердеги почталык штемпелде көрсөтүлгөн дата эсептелет.

  Социалдык фонддун башкармалыктары камсыздандырылган адамга пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон документтерди алуу жана тариздөө боюнча консультация берүүгө жана жардам көрсөтүүгө милдеттүү.

  Пенсия алуу үчүн кайрылган камсыздандырылган адам "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын персонификацияланган (жеке) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте анын жеке камсыздандыруу эсебинде камтылган маалыматтар менен алдын ала таанышууга укуктуу болот.

  Жекече эсепке алуу системасында пенсия дайындоо үчүн зарыл маалыматтар жок болгон учурда, Социалдык фонддун башкармалыгы бул тууралуу арыз берүүчүгө, жумуш берүүчүгө кабарлайт, аны берүүнүн тартибин жана мөөнөттөрүн түшүндүрөт.

  Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин жарандарынын пенсиялык камсыз кылуу жагындагы укуктарынын гарантиялары жөнүндө 1992-жылдын 13-мартындагы Макулдашууга катышкан мамлекеттерден көчүп келген пенсионерлер пенсия дайындоо жөнүндө арыз менен жашаган жери боюнча Социалдык фонддун аймактык бөлүмүнө арыз менен кайрылат. Арыздын негизинде Социалдык фонддун аймактык башкармалыгы тарабынан пенсионер мурда жашаган жерге пенсиялык иш боюнча сунуш-талап жиберилет. Арыз берүүчүнүн колунда пенсиялык иш болгон учурда, ал арызга тиркелет.

* Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү шилтемеге кирсеңиздер болот  http://socfond.kg/.

 

Читать далее