Аталыкты аныктоо


Аталыкты аныктоону каттоодон баш тартуунун кандай негиздери бар?

  Жарандык абалдын актыларын каттоо органынын жетекчиси баланын туулгандыгы тууралу актыны каттоодо, эгерде баланын атасы жөнүндөгү жазылгандар ушул Мыйзамдын 17-статьясынын 3-пунктунда көрсөтүлгөн тартипте, энесинин арызы боюнча түзүлгөндөн башка учурда баланын атасы жөнүндө маалымат болсо, аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоодон баш тартат.

Соттун чечиминин негизинде аталыкты аныктоону каттоо тартиби кандай?

  1. Аталыкты аныктоо жөнүндө же атасы деп таануунун фактысын аныктоо тууралу соттун чечиминин негизинде аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо баланын энесинин же атасынын, бала багуусунда турган камкорчулук (көзөмөлдүк) кылган адамдын, болбосо жашы жеткен баланын өзүнүн арызы боюн...

  1. Аталыкты аныктоо жөнүндө же атасы деп таануунун фактысын аныктоо тууралу соттун чечиминин негизинде аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо баланын энесинин же атасынын, бала багуусунда турган камкорчулук (көзөмөлдүк) кылган адамдын, болбосо жашы жеткен баланын өзүнүн арызы боюнча жүргүзүлөт. Арыз жазуу жүзүндө берилет.

  Аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз менен бир убакта аталыкты аныктоо жөнүндө же аталыкты таануунун фактысын аныктоо тууралуу соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими же баланын камкорчусунан (көзөмөлчүсүнөн) арыз берүүдө - камкорчулук (көзөмөлчүлүк) жөнүндө чечим жана алардын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтер берилет.

  Ага карата аталык аныкталып жаткан баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо аталыкты аныктоо жөнүндө же аталыкты таануу фактысын белгилөө тууралуу соттун чечими чыгарылганга чейин жүргүзүлүүгө тийиш.

  2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн адам аталыкты мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз берүүгө жазуу жүзүндөгү башка адамга ыйгарым укук бере алат.

  Ишенимдүү адамдын ыйгарым укуктары ишеним катта атайын каралууга тийиш.

  3. Баланын атасы жөнүндөгү маалымат аталыкты аныктоо тууралу же атасы деп таануунун фактысын аныктоо жөнүндөгү соттун чечиминде көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык аталыкты аныктоо тууралу жазылган актыга киргизилет.

Читать далее

Аталыкты аныктоо жөнүндө акт жазуусуна кандай маалыматтар киргизилет?

  Аталыкты аныктоо жөнүндө акт жазуусуна төмөндөгүдөй маалыматтар киргизилет:

  - баланын атасы деп табылган адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, жарандыгы, улуту, жашаган жери;

  - баланын фамилиясы, аты, атасынын аты (атасы экендиги анык...

  Аталыкты аныктоо жөнүндө акт жазуусуна төмөндөгүдөй маалыматтар киргизилет:

  - баланын атасы деп табылган адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, жарандыгы, улуту, жашаган жери;

  - баланын фамилиясы, аты, атасынын аты (атасы экендиги аныкталганга чейинки), жынысы, туулган датасы жана жери;

  - туулгандыгы жөнүндө акт жазуусун түзүүнүн датасы, номуру жана баланын төрөлгөндүгүн мамлекеттик каттоо жүргүзгөн жарандык абалдын актыларын жазуу органынын аталышы;

  - аталыгы аныкталгандан кийинки баланын фамилиясы, аты, атасынын аты;

  - баланын энесинин фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, жарандыгы, улуту;

  - аталыкты аныктоо үчүн негиз болуп саналган документ жөнүндөгү маалымат;

  - арыз берүүчүнүн (арыз берүүчүлөрдүн) фамилиясы, аты, атасынын аты, жашаган жери;

  - аталыкты аныктоо жөнүндө берилген күбөлүктүн сериясы жана номуру.

Читать далее

Аталыкты аныктоо жөнүндө күбөлүктө кандай маалыматтар камтылат?

  1. Аталыкты аныктоо жөнүндөгү күбөлүктө төмөндөгүдөй маалыматтар камтылат:

  - баланын атасы деп табылган адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, жарандыгы, улуту;

  - баланын фамилиясы, аты, атасынын аты (аталыгы аныкталганга чейинки жана ...

  1. Аталыкты аныктоо жөнүндөгү күбөлүктө төмөндөгүдөй маалыматтар камтылат:

  - баланын атасы деп табылган адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, жарандыгы, улуту;

  - баланын фамилиясы, аты, атасынын аты (аталыгы аныкталганга чейинки жана андан кийинки), туулган датасы жана жери;

  - баланын энесинин фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, жарандыгы, улуту;

  - аталыкты аныктоо жөнүндө акт жазуусу түзүлгөн датасы жана номуру;

  - аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо жүргүзгөн жери (аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо жүргүзгөн жарандык абалдын актыларын жазган органдын аталышы);

  - аталыкты аныктоо жөнүндөгү күбөлүктүн берилген датасы.

  2. Аталыкты аныктоо жөнүндөгү күбөлүктү ата-энелерге (ата-эненин бирөөнө) жарандык абалдын актыларын жазган орган тарабынан берилет.

Читать далее