Аталыкты аныктоо


Аталык аныкталгандан кийин баланын туулгандыгы тууралуу акт жазуусуна кандай өзгөртүүлөр киргизилет?

  1. Аталыкты аныктоо жөнүндөгү акт жазуусунун негизинде баланын туулгандыгы тууралу актыга анын атасы жөнүндөгү маалымат киргизилет. Атасы жөнүндө маалымат киргизүү, ошондой эле баланын фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүү үчүн жарандык абалдын акт жазууларына оңдоолорду ж...

  1. Аталыкты аныктоо жөнүндөгү акт жазуусунун негизинде баланын туулгандыгы тууралу актыга анын атасы жөнүндөгү маалымат киргизилет. Атасы жөнүндө маалымат киргизүү, ошондой эле баланын фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүү үчүн жарандык абалдын акт жазууларына оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте жүзөгө ашырылат.

  2. Аталыкты аныктоого байланыштуу баланын туулгандыгы тууралу акт жазуусуна оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жарандык абалдын актыларын жазуу органы аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөндөн үч күндүк мөөнөт ичинде баланын энесинин жашап турган жери боюнча калкты социалдык жактан коргоо органына билдирүүгө милдеттүү.

Читать далее

Аталыкты аныктоону каттоо канча турат?

Аталыкты аныктоону каттоо үчүн мамлекеттик алым алынбайт.

Аталыкты аныктоо тууралуу күбөлүк - 4, 15 сом.

Арыздын бланкы – 0,50 сом

Акы банк же терминал аркылуу төлөнөт.

Эскертүү: Бланк продукциясынын баасы банктын жана терминалдын кызмат көрсөтүүлөрүн эске албастан көрсөтүлдү.

* Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү шилтемеге кирсеңиздер болот http://grs.gov.kg/