Мурас алуу
Мурас алуу жол-жобосу кандай?
Мураска калтыруучу каза болгон же адамды сот каза болду деп тааныган күндөн тартып мурас ачылат.
КР мыйзамдарына ылайык мураска кирүү жөнүндө арыз мурас ачылган (мураска калтыруучу каза болгон) күндөн тартып 6 айдын ичинде берилет, мында төмөнкүдөй документтер талап кылынат...
Мураска калтыруучу каза болгон же адамды сот каза болду деп тааныган күндөн тартып мурас ачылат.
КР мыйзамдарына ылайык мураска кирүү жөнүндө арыз мурас ачылган (мураска калтыруучу каза болгон) күндөн тартып 6 айдын ичинде берилет, мында төмөнкүдөй документтер талап кылынат:
1) Мураска кирүү жөнүндө арыз;
2) Каза болгондугу тууралуу күбөлүк (түп нускасы + көчүрмөсү);
3) Туулгандыгы тууралуу күбөлүк (түп нускасы + көчүрмөсү);
4) Каза болгондун катталгандыгы тууралуу маалымкат;
5) Мурасты иш жүзүндө кабыл алуу тууралуу маалымкат;
6) Түзүлгөн жер боюнча белгиленген керээз;
7) Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк;
8) Укук белгилөөчү документтер (тартуулоо келишими, соода-сатык келишими, алмашуу келишими, мураска укук тууралуу күбөлүк ж.б.);
9) Техникалык паспорт.
10) Эже-сиңди, карындаштардын жана ага-инилердин нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн мурастан баш тарткандыгы;
Жогоруда аталган бардык документтер мурас турган жер боюнча нотариалдык жана каттоо органдарына берилет жана 6 ай өткөндөн кийин Сизге мураска укук тууралуу күбөлүк берилет.
Мурасты кабыл алууга укук кантип өтөт (мурастык трансмиссия)?
Эгерде керээз боюнча жана (же) мыйзам боюнча мурастоочу болуп таанылган мураскор мурас ачылгандан кийин аны алууга үлгүрбөстөн өлсө, ага тиешелүү болгон мурастык үлүштү алуу укугу мыйзам боюнча анын мураскорлоруна, ал эми эгерде мурасталган баардык мүлк керээзге калтырылса - керээз бою...
Эгерде керээз боюнча жана (же) мыйзам боюнча мурастоочу болуп таанылган мураскор мурас ачылгандан кийин аны алууга үлгүрбөстөн өлсө, ага тиешелүү болгон мурастык үлүштү алуу укугу мыйзам боюнча анын мураскорлоруна, ал эми эгерде мурасталган баардык мүлк керээзге калтырылса - керээз боюнча анын мураскорлоруна өтөт (мурастык трансмиссия). Мурастык трансмиссия тартибиндеги мурасты кабыл алуу укугу андай мураскор өлгөндөн кийин ачылган мурастын курамына кирбейт.
Өлгөн мураскорго тиешелүү мурасты кабыл алуу укугу анын мураскорлору тарабынан жалпы негиздерде жүзөгө ашырылыш мүмкүн.
Эгерде мураскор өлгөндөн кийин мурасты кабыл алуу үчүн белгиленген мөөнөттүн калган бөлүгү үч айдан азды түзсө, ал үч айга чейин узартылат.
Мураскордун мурастын бир бөлүгүн милдеттүү үлүш катары (КР ГКнын 1149-cтатьясы) кабыл алуу укугу анын мураскорлоруна өтпөйт.
Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк качан жана кайсыл жерде берилет?
Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк мурас ачылган орду боюнча нотариус же мыйзамга ылайык мындай нотариалдык иш жүргүзүүгө ыйгарым укукту кызмат адамы тарабынан берилет.
Мураскорлорго мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк мурас ачылган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин берилет.
Мурасты кабыл алуу мөөнөтүн өткөрүп жибергенде кандай кесепеттер болот?
Эгерде мураскор белгиленген мөөнөттө ушул Кодекстин 1153-статьясында каралган аракеттерди жасабаса, ал мурасты кабыл алган жок деп эсептелет.
Мурасты кабыл алган бардык мураскорлордун кат жүзүндөгү макулдугу болгондо, кечиккен мураскор мурасты кабыл алуу жөнүндө арыз бериши мүмкүн.
Жүйөөлүү себептер менен кечиккен мураскордун доосу боюнча сот ага мурасты кабыл алуу жөнүндө арызды берүү үчүн жетиштүү болгон кошумча мөөнөттү белгилей алат.