Мурас алуу


Жок болгон мураскорлордун кандай укуктары бар?

  Эгерде мураскорлор ичинде жашаган жерлери белгисиз болгон адамдар болсо, калган мураскорлор, керээзди аткаруучу (мүлктү башкаруучу) алардын жашаган жерлерин аныктоо жана аларды мурас алууга чакыруу үчүн зарыл чаралар көрүүгө милдеттүү болушат.

  Эгерде жашаган жери айкынд...

  Эгерде мураскорлор ичинде жашаган жерлери белгисиз болгон адамдар болсо, калган мураскорлор, керээзди аткаруучу (мүлктү башкаруучу) алардын жашаган жерлерин аныктоо жана аларды мурас алууга чакыруу үчүн зарыл чаралар көрүүгө милдеттүү болушат.

  Эгерде жашаган жери айкындалган, жок болгон мурас алууга чакырылган мураскор ушул Кодекстин 1156-статьясында каралган мөөнөттүн ичинде мурастан баш тартпаса, калган мураскорлор ага өздөрүнүн мурасты бөлүштүрүүнү жүргүзүүнү каалагандыктары жөнүндө кабарлоого милдеттүү болушат. Эгерде мындай кабарлоо учурунан тартып жок болгон мураскор калган мураскорлорго мүлктү бөлүштүрүү тууралу макулдашууга катышууну каалагандыгы жөнүндө билдирбесе, калган мураскорлор жок болгон мураскорго тийиштүү үлүштү бөлүп коюу менен, өз ара макулдаштык боюнча бөлүштүрүүнү жүргүзүүгө укуктуу.

  Эгерде мурас ачылган күндөн тартып бир жыл бою жок болгон мураскордун жашаган жери айкындалбаса жана мурастан анын баш тартуусу тууралу маалыматтар болбогондо, калган мураскорлор бөлүштүрүүнү ушул статьянын 2-пунктундагы эрежелер боюнча жүргүзүүгө укуктуу болушат.

  Бойго бүткөн, бирок төрөлө элек мураскор болгондо мүлктү бөлүү андай мураскор төрөлгөндөн кийин гана бөлүштүрүлүшү мүмкүн.

  Эгерде бойго бүткөн, бирок төрөлө элек мураскор аман-эсен төрөлсө, калган мураскорлор ага тийиштүү мурас үлүшүн бөлүп коюу менен гана мурасты бөлүштүрүүгө укуктуу болушат. Жаңы төрөлгөн баланын кызыкчылыктарын коргоо үчүн бөлүштүрүүгө катышууга Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмүнүн өкүлү чакырылууга тийиш.

Читать далее

Кандай мураскорлордун мураска кирген мүлккө карата артыкчылыктуу укугу бар?

  Мурас ачылганга чейин мурас калтыруучу менен чогуу жашаган мураскорлор мурасты бөлүштүрүүдө, мурастын курамынан турак үйдү, батирди же башка турак-жай имаратын, ошондой эле тиричилик буюмдарын жана үй оокаттарын алууга артыкчылыктуу укукка ээ болушат.

  Мурасты бөлүштүрүү...

  Мурас ачылганга чейин мурас калтыруучу менен чогуу жашаган мураскорлор мурасты бөлүштүрүүдө, мурастын курамынан турак үйдү, батирди же башка турак-жай имаратын, ошондой эле тиричилик буюмдарын жана үй оокаттарын алууга артыкчылыктуу укукка ээ болушат.

  Мурасты бөлүштүрүүдө мурас калтыруучу менен бирге мүлккө карата жалпы менчик укугуна ээ болгон мураскорлор мүлктүн курамынан жалпы менчикте турган мүлктү натуралай түрүндө алууга артыкчылыктуу укукка ээ болушат.

  Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн артыкчылыктуу укуктарды жүзөгө ашырууда, бөлүштүрүүгө катышкан башка мураскорлордун мүлктүк кызыкчылыктары сакталууга тийиш. Эгерде бул укуктарды жүзөгө ашыруунун натыйжасында мурасты түзгөн мүлк башка мураскорлорго аларга тийиштүү үлүштөрдү берүү үчүн жетишсиз болсо, артыкчылыктуу укугун жүзөгө ашырган мураскор аларга акчалай же мүлк түрүндөгү тийиштүү компенсациясын берүүгө тийиш.

Читать далее

Кандай чыгымдар мурастын эсебинен төлөнөт?

  Мураскорлор ортосунда мурас бөлүштүрүлгөнгө чейин анын эсебинен мураскордун өлүм алдындагы оорусунан улам келип чыккан зарыл болгон чыгымдардын, мурас калтыруучуну көмүүгө кеткен чыгымдардын, мурасты алууга, аны коргоого, аны башкарууга жана керээзди аткарууга, ошондой эле керээз...

  Мураскорлор ортосунда мурас бөлүштүрүлгөнгө чейин анын эсебинен мураскордун өлүм алдындагы оорусунан улам келип чыккан зарыл болгон чыгымдардын, мурас калтыруучуну көмүүгө кеткен чыгымдардын, мурасты алууга, аны коргоого, аны башкарууга жана керээзди аткарууга, ошондой эле керээзди аткаруучуга же мурасты башкаруучуга акы төлөөгө байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндөгү талаптар канааттандырылат. Бул талаптар башка талаптарга караганда мүлктүн наркынан, анын ичинде ипотека же башка күрөө менен камсыздандырылгандардын наркынан артыкчылыктуу канааттандырылууга тийиш.

Читать далее