Керээз боюнча мурастоо


Керээз боюнча мурастоо деген эмне?

  Граждандын өзү өлгөндөн кийин өзүнө тиешелүү мүлктү же ага болгон укукту тескөө боюнча билдирилген жана тиешелүү түрдө жол-жоболоштурулган эрк-ниети керээз деп таанылат.

  Керээз өз колу менен түзүлөт. Керээзди өкүл аркылуу түзүүгө жол берилбейт.

  Граждан өзүнүн ...

  Граждандын өзү өлгөндөн кийин өзүнө тиешелүү мүлктү же ага болгон укукту тескөө боюнча билдирилген жана тиешелүү түрдө жол-жоболоштурулган эрк-ниети керээз деп таанылат.

  Керээз өз колу менен түзүлөт. Керээзди өкүл аркылуу түзүүгө жол берилбейт.

  Граждан өзүнүн бүткүл мүлкүн же анын бир бөлүгүн мыйзам боюнча мураскорлордун арасына кирген, ошондой эле кирбеген да бир же болбосо бир нече адамга, ошондой эле юридикалык жакка, мамлекетке же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына керээзге калтыра алат.

  Керээзге калтыруучу мыйзам боюнча мураскорлорду түшүндүрүп отурбастан бир мураскорду, бир нече же бардык мураскорлорду мурастан ажыратып салууга укуктуу. Эгерде керээзден башка келип чыкпаса, мыйзам боюнча мураскорду мурастан ажыратып салуу анын өкүлчүлүк укугу боюнча мурастоочу урпактарына жайылтылбайт.

  Мурас калтыруучу ар кандай мүлк жөнүндө тескөөнү камтыган керээз калтырууга укуктуу.

  Мурас калтыруучу керээз калтыруу учурунда өзүнө таандык болбогон мүлк жөнүндө тескөөнү камтыган керээзди калтырууга укуктуу. Эгерде керээз ачылган учурга карата мындай мүлк ага таандык болсо, тиешелүү тескөө жараксыз болуп эсептелет.

  Мурас калтыруучу аны түзгөндөн кийин кандай гана болбосун учурда түзүлгөн керээзди жокко чыгарууга жана өзгөртүүгө укуктуу жана мында жокко чыгаруунун же өзгөртүүнүн себептерин көрсөтүүгө милдеттүү эмес.

  Мурас калтыруучу өзү тарабынан керээзде мураскор деп дайындалган адамдарга алар өлүп калса өз кезегинде өздөрүнө керээзделген мүлктү белгилүү түрдө тескөө укугун жүктөөгө укуксуз.

Читать далее

Керээз шарт коюу менен болушу мүмкүнбү?

  Керээз калтыруучу мурасты алууну мураскордун жүрүм-турумунун мүнөзүн белгилүү бир укук чегинде шарттоого укуктуу.

  Мураскорду дайындоо же мурастоо укугунан ажыратуу жөнүндө тескемеге киргизилген укук ченемине каршы шарттар анык эмес.

  Керээзге мураскордун ден соолугунун абалы боюнча же башка бейтарап себептер боюнча аткарылышы мүмкүн болбогон шарттарды киргизүү мураскордун доосу боюнча анык эмес деп табылышы мүмкүн.

Керээз кылынбай калган мүлктүн бөлүгүн ким мураска алат?

  Керээз кылынбай калган мүлктүн бөлүгү ушул Кодекстин 1141-1150-статьяларынын тартибинде мурастоого чакырылган мыйзам боюнча мураскорлордун ортосунда бөлүштүрүлөт.

  Керээз боюнча мүлктүн башка бөлүгү аларга калтырылган мыйзам боюнча мураскорлор да ал мураскорлордун ичине кирет.

Керээздин түрү жөнүндө кандай жалпы эрежелер бар?

  Керээз кат жүзүндө аны түзүүнүн ордун жана убактысын көрсөтүү менен түзүлүүгө, керээз калтыруучунун жеке өзүнүн колу коюлууга жана нотариатта күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

  Эгерде керээз калтыруучу дене-боюнун кемчилдигинин, оорусунун же сабатсыздыгынын айынан керээзге өз колу...

  Керээз кат жүзүндө аны түзүүнүн ордун жана убактысын көрсөтүү менен түзүлүүгө, керээз калтыруучунун жеке өзүнүн колу коюлууга жана нотариатта күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

  Эгерде керээз калтыруучу дене-боюнун кемчилдигинин, оорусунун же сабатсыздыгынын айынан керээзге өз колу менен кол кое албаса, керээзге анын өтүнүчү боюнча мыйзамга ылайык керээзди ырастоочу нотариустун же башка адамдын катышуусу менен башка бирөө тарабынан керээз калтыруучу алардын айынан өз колу менен кол кое албаган себептерди көрсөтүү менен кол коюлушу мүмкүн.

  Дене бойлук кемчилдигинен улам керээзге өз колун коюуга мүмкүнчүлүгү болбогон, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам нотариустун же керээзди ырастоого укуктуу башка адамдын катышуусунда факсимилдик колтамганын жардамы менен керээзге кол коюуга укуктуу. Мында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам тарабынан пайдаланылган факсимилдик колтамганын аныктыгы мыйзамда белгиленген тартипте нотариаттык ырасталууга тийиш, ал эми керээзде болсо факсимилдик колтамга колдонулгандыгынын жагдайлары жөнүндө белги коюлуусу керек.

Керээз калтыруучунун ордуна керээзге:

1) нотариус же керээзди ырастаган башка адам;

2) анын пайдасына керээз түзүлгөн же керээздик баш тартуу жасалган адам, андай адамдын күйөө-аялдары, балдары, ата-энелери, неберелери жана чөбөрөлөрү, ошондой эле керээз калтыруучунун мыйзам боюнча мурастоочулары;

3) толук жөндөмдүүлүккө ээ болбогон граждандар;

4) керээзди окууга жөндөмү жок сабатсыз жана башка адамдар, мурда жалган күбө болгондук үчүн соттолгондор кол кое албайт.

Читать далее