Керээз боюнча мурастоо


Керээзди милдеттүү түрдө нотариалдык ырастоо керекпи?

  Нотариалдык ырасталган керээз калтыруучу тарабынан же болбосо нотариус тарабынан анын сөздөрүнөн жазылууга тийиш. Керээз калтыруучунун сөздөрүнөн керээзди нотариус тарабынан жазууда жалпы кабыл алынган техникалык каражаттар (бастыруучу машинка, жеке компьютер ж.б.) пайдаланылышы ...

  Нотариалдык ырасталган керээз калтыруучу тарабынан же болбосо нотариус тарабынан анын сөздөрүнөн жазылууга тийиш. Керээз калтыруучунун сөздөрүнөн керээзди нотариус тарабынан жазууда жалпы кабыл алынган техникалык каражаттар (бастыруучу машинка, жеке компьютер ж.б.) пайдаланылышы мүмкүн.

  Керээз калтыруучунун сөздөрүнөн нотариус тарабынан жазылган керээз ага кол коюлганга чейин нотариустун катышуусу менен керээз калтыруучуга толук окулуп берилүүгө тийиш.

  Эгерде керээз калтыруучу дене-боюнча кемчилдигинин, оорусунун же сабатсыздыгынын айынан керээзди өзү окуй албаса, анын тексти керээз калтыруучу үчүн нотариус тарабынан окулуп берилип, ал жөнүндө керээзге керээз калтыруучу өзү окуй албаган себептерди көрсөтүү менен тиешелүү жазуу жазылат.

  Керээз калтыруучунун каалоосу боюнча керээз анын мазмуну менен таанышуусуз нотариус тарабынан ырасталат (жашыруун керээз).

  Анын жараксыз болуп калуу коркунучу алдында болгон жашыруун керээз анын ээсинин өз колу менен жазылууга жана өзүнүн колу коюлууга тийиш. Керээз эки күбөнүн жана нотариустун катышуусу менен ага алар фамилиясы, аты, атасынын аты жана туруктуу жашаган жери көрсөтүлгөн конвертке чапталууга тийиш. Күбөлөр тарабынан кол коюлган конверт күбөлөрдүн жана нотариустун катышуусу менен ага нотариус ырастама жаза турган башка конвертке чапталат.

  Керээз калтыруучу өлгөндөн кийин жашыруун керээз ачылат жана нотариус тарабынан мурасчыларга окулуп берилет.

  Эгерде адам дене бойлук кемчилдигинен улам жашыруун керээзди өзү түзүүгө жана кол коюуга мүмкүнчүлүгү болбосо, мындай керээз кадимки техникалык каражаттарды (персоналдык компьютерди ж.б.) пайдалануу менен түзүлүшү, кагазга басылып чыгарылышы жана аныктыгы мыйзамда белгиленген тартипте ырасталган факсимилдик колтамганын жардамы менен кол коюлушу мүмкүн. Мында факсимилдик колтамганын жана жашыруун керээзди өзү түзүүгө жана өзү кол коюуга мүмкүн болбогон себептердин аныктыгын ырастоочу документтер керээзге тиркелүүгө тийиш.

Читать далее

Эмнелер нотариалдык ырасталган керээздерге теңештирилген?

  Нотариалдык ырасталган керээздерге төмөнкүлөр теңештирилген:

  - ооруканаларда, госпиталдарда, башка стационардык дарылоо мекемелеринде жаткан же улгайган граждандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелерде жашаган граждан...

  Нотариалдык ырасталган керээздерге төмөнкүлөр теңештирилген:

  - ооруканаларда, госпиталдарда, башка стационардык дарылоо мекемелеринде жаткан же улгайган граждандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелерде жашаган граждандардын бул ооруканалардын, госпиталдардын жана башка дарылоо мекемелеринин башкы врачтары, алардын медициналык бөлүк боюнча орун басарлары же кезметчи врачтары, ошондой эле госпиталдардын начальниктери, улгайган граждандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелердин директорлору же башкы врачтары тарабынан ырасталган керээздери;

  - чалгындоо же башка ага окшогон экспедицияларда жүргөн граждандардын ошол экспедициялардын начальниктери тарабынан ырасталган керээздери;

  - аскер кызматчыларынын керээздери, ал эми аскер бөлүктөрү жайгашкан нотариус жок пункттарда ал бөлүктөрдө иштеген граждандык адамдардын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн аскер бөлүктөрүнүн командири тарабынан ырасталган керээздери;

  - эркинен ажыратуу жайларында жүргөн же камакта отурган адамдардын тиешелүү мекемелердин начальниктери тарабынан ырасталган керээздери;

  - нотариус жок калктуу пункттарда жашаган адамдардын мыйзамга ылайык нотариустук аракеттерди жасоого укугу бар кызмат адамдары тарабынан ырасталган керээздери.

Читать далее

Керээзди жокко чыгарууга же өзгөртүүгө болобу?

  Керээз калтыруучу жаңы керээз калтыруу менен өзү калтырган керээзди бүтүндөйүнөн жокко чыгарууга, же болбосо анда камтылган айрым тескемелерди өзгөртүүгө же толуктоого укуктуу.

  Мурда түзүлгөн керээз кийинки керээз тарабынан бүтүндөйүнөн же ага каршы болгон бөлүгүндө жок...

  Керээз калтыруучу жаңы керээз калтыруу менен өзү калтырган керээзди бүтүндөйүнөн жокко чыгарууга, же болбосо анда камтылган айрым тескемелерди өзгөртүүгө же толуктоого укуктуу.

  Мурда түзүлгөн керээз кийинки керээз тарабынан бүтүндөйүнөн же ага каршы болгон бөлүгүндө жокко чыгарылат.

  Эгерде акыркысы өз кезегинде керээз калтыруучу тарабынан жокко чыгарылса же өзгөртүлсө, мурда калтырылган керээз кийинки керээз тарабынан бүтүндөйүнөн же жарым-жартылай жокко чыгарылат.

Читать далее

Кандай учурларда керээз жараксыз деп таанылат?

  Тиешелүү түрдө түзүлбөгөн керээз жараксыз. Керээздин жараксыздыгы Кодекстин бүтүмдөрдүн жараксыздыгы жөнүндө эрежелерине да негизделет.

  Керээз ушул Кодекс тарабынан белгиленген керээзди түзүүнүн, ага кол коюунун жана аны ырастоонун тартибин бузуунун айынан керээздин аны...

  Тиешелүү түрдө түзүлбөгөн керээз жараксыз. Керээздин жараксыздыгы Кодекстин бүтүмдөрдүн жараксыздыгы жөнүндө эрежелерине да негизделет.

  Керээз ушул Кодекс тарабынан белгиленген керээзди түзүүнүн, ага кол коюунун жана аны ырастоонун тартибин бузуунун айынан керээздин анык эмес деп табылышы мүлктүк натыйжалары бар адамдын доосу боюнча жараксыз деп табылышы мүмкүн.

  Керээзде камтылган айрым тескемелердин жараксыздыгы керээздин калган бөлүгүнүн жараксыздыгына тиешеси болбойт.

  Кийинки керээз сот тартибинде жараксыз деп табылганда, мурдагы керээз калыбына келтирилет.

  Керээз жараксыз деп табылган учурда ал керээз боюнча мурастан айрылган мураскор жалпы негиздерде мурастоо укугун алат.

Читать далее