Керээз боюнча мурастоо


Керээз кандай түрдө аткарылат?

  Керээз калтыруучу керээзди аткарууну өзү керээзинде көрсөткөн, мураскор эмес адамга тапшыра алат. Бул адамдын керээзди аткаруучу болууга макулдук берүүсү ал тарабынан керээздин өзүндө анын колу менен жазган жазууда же керээзге тиркелген арызда билдирилүүгө тийиш.

  Мураск...

  Керээз калтыруучу керээзди аткарууну өзү керээзинде көрсөткөн, мураскор эмес адамга тапшыра алат. Бул адамдын керээзди аткаруучу болууга макулдук берүүсү ал тарабынан керээздин өзүндө анын колу менен жазган жазууда же керээзге тиркелген арызда билдирилүүгө тийиш.

  Мураскорлор өз ара макулдашууга келүү менен керээзди аткарууну мураскорлордун бирине же башка адамга тапшырууга укуктуу болушат. Мындай макулдаштыкка жетишилбегенде керээзди аткаруучу бир же бир нече мураскорлордун талабы боюнча сот тарабынан дайындалышы мүмкүн.

  Керээзди аткаруучу керээз калтыруучу ага жүктөгөн милдеттерди аткаруудан, ал жөнүндө керээз боюнча мураскорлорго күн мурдатан кабарлоо менен баш тартууга укуктуу. Керээзди аткаруучу анын милдеттеринен, ошондой эле мураскорлордун арызына ылайык соттун чечими боюнча да бошотулушу мүмкүн.

  Керээзди аткаруучу:

  - мурасты коргоону жана аны башкарууну жүзөгө ашырууга;

  - мурасты ачуу жөнүндө жана алардын пайдасына керээздик баш тартуулар жөнүндө бардык мураскорлорго жана баш тартуу алуучуларга кабарлоо үчүн мүмкүн болгон бардык чараларды көрүүгө;

  - мурас калтыруучуга тийиштүү сумманы алууга;

  - мурас калтыруучунун эркине жана мыйзамга ылайык мураскорлорго аларга тийиштүү мүлктү берүүгө;

  - мураскорлордун аларга жүктөлгөн керээздик баш тартууларды аткаруусун камсыз кылууга;

  - керээздик жүктөлгөн милдеттерди аткарууга же керээз боюнча мураскорлордон керээздик жүктөлгөн милдеттерди аткарууну талап кылууга тийиш.

  Керээзди аткаруучу мурасты башкарууга жана керээзди аткарууга байланышкан сот ишине жана башка иштерге киришүүгө укуктуу, ошондой эле мындай иштерге катышууга тартылышы мүмкүн.

  Керээзди аткаруучу өз милдеттерин мурасты карыздардан бошотуу, мурас калтыруучуга тийиштүү суммаларды өндүрүү жана бардык мураскорлордун мурасты ээлөөсү үчүн зарыл болгон акыл-эске сыярлык мөөнөттүн ичинде жүзөгө ашырат. Кандай болсо да, көрсөтүлгөн мөөнөт мурас ачылган күндөн тартып бир жылдан ашуусу мүмкүн эмес.

  Керээзди аткаруучу мурасты башкаруу жана керээзди аткаруу боюнча зарыл болгон чыгымдардын ордун мурастын эсебинен толтурууга укуктуу. Керээзде мурастын эсебинен керээзди аткаруучуга акы төлөө каралышы мүмкүн.

  Керээз аткарылгандан кийин керээзди аткаруучу мураскорлорго алардын талабы боюнча отчет берүүгө милдеттүү.

Читать далее

Керээздик баш тартуу деген эмне жана аны кантип аткаруу керек?

  Керээз калтыруучу керээз боюнча мураскорго мурастын эсебинен, керээздик баш тартууну аткарууга талап кылуу укугуна ээ болушкан бир же бир нече жактардын (баш тартуу алуучулардын) пайдасына кандайдыр бир милдеттенмени (керээздик баш тартууну) аткаруу милдетин жүктөшү мүмкүн.

&n...

  Керээз калтыруучу керээз боюнча мураскорго мурастын эсебинен, керээздик баш тартууну аткарууга талап кылуу укугуна ээ болушкан бир же бир нече жактардын (баш тартуу алуучулардын) пайдасына кандайдыр бир милдеттенмени (керээздик баш тартууну) аткаруу милдетин жүктөшү мүмкүн.

  Мыйзам боюнча мураскорлордун санына кирген да, кирбеген да адамдар баш тартуу алуучулар болушу мүмкүн.

  Керээздик баш тартуунун заты баш тартуу алуучуга мурастын курамына кирген буюмду же башка буюмдук укукту берүү, мурастын курамына кирбеген мүлктү сатып алуу жана ага берүү, ал үчүн белгилүү бир ишти аткаруу, ага белгилүү бир кызмат көрсөтүү жана башка ушул сыяктуулар болушу мүмкүн.

  Керээз калтыруучу тарабынан керээздик баш тартууну аткаруу милдети жүктөлгөн мураскор, аны мурас калтыруучунун карыздарынын өзүнө тийиштүү бөлүгүн чыгарып салгандан кийин, ага өткөн мурастын чыныгы наркынын чектеринде гана аткарууга тийиш.

  Эгерде, керээздик баш тартуу жүктөлгөн мураскор мураста милдеттүү үлүш укугуна ээ болсо, анын баш тартууну аткаруу милдети, ага өткөн мурастын, анын милдеттүү үлүшүнүн өлчөмүнөн ашкан наркынын чектери менен чектелет.

  Эгерде керээзде башкача каралбаса, керээздик баш тартуу бардык же бир нече мураскорлорго жүктөлгөн учурларда, баш тартуу алардын ар бирине анын мурастагы үлүшүнө ченемдүү жүктөлөт.

  Турак үй, батир же башка турак-жай тийген мураскорго керээз калтыруучу бул турак-жайды же анын белгилүү бир бөлүгүн башка адамдын өмүр бою пайдалануусуна берүү милдетин жүктөөгө укуктуу. Турак-жайга карата менчик укугу кийин башкага өткөндө өмүр бою пайдалануу укугу күчүн сактап алат.

  Турак-жайды өмүр бою пайдалануу укугу ажыратылбайт, берилбейт жана баш тартуу алуучунун мураскорлоруна өтпөйт.

  Баш тартуу алуучуга берилген, турак-жайды өмүр бою пайдалануу укугу, эгерде керээзде башкача каралбаса, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоосу үчүн негиз болуп саналбайт.

  Керээздик баш тартуу жүктөлгөн мураскор өлгөн учурда же ал мурас албаган учурда керээздик баш тартууну аткаруу анын үлүшүн алышкан башка мураскорлорго же эгерде мүлк ээсиз-ээликсиз калса, мамлекетке же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына өтөт.

  Баш тартуу алуучу мурас ачылганга чейин же мурас ачылгандан кийин, бирок керээз боюнча мураскор аны алып үлгүргөнгө чейин өлгөн учурда керээздик баш тартуу аткарылбайт.

Баш тартуу алуучу мурас калтыруучунун карыздары үчүн жооп бербейт.

Читать далее