Аталыкты аныктоо


Аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо үчүн кандай негиздер бар?

  Аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо үчүн төмөндөгүлөр негиз болуп саналат:

  - бала төрөлгөн учурда баланын өз ара никеде турбаган атасы менен энесинин атасы ким экендигин аныктоо жөнүндөгү биргелешкен арызы;

  - ушул Мыйзамдын 53-статьясынын 1-пунктунда көрсөтү...

  Аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо үчүн төмөндөгүлөр негиз болуп саналат:

  - бала төрөлгөн учурда баланын өз ара никеде турбаган атасы менен энесинин атасы ким экендигин аныктоо жөнүндөгү биргелешкен арызы;

  - ушул Мыйзамдын 53-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда, бала төрөлгөн убакта баланын энеси менен никеде турбаган баланын атасынын аталыкты аныктоо жөнүндөгү арызы;

  - аталыкты аныктоо же аталыкты таануу фактысын аныктоо жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими.

  Баланын ата-энеси тарабынан аталыгын аныктоо жөнүндө биргелешкен арыз берүүгө мүмкүн болбогон учурда, эрк-ниетин билдирүү атасынын же энесинин өзүнчө арыздары менен жол-жоболоштурулушу мүмкүн. Мындай арызда коюлган колдун аныктыгы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Атасынын арызы жарандык абалдын актыларын жазуу органына энесинин арызы менен бир убакта берилет. Арызда балага фамилия ыйгаруу жөнүндө атасы менен энесинин пикири билдирилүүгө тийиш. Аталыкты белгилөөнү каттоодо ата-энесинин биринин катышуусу милдеттүү.

Читать далее

Аталыкты аныктоону кайсыл жерде каттоого болот?

  Аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо бала төрөлгөн учурда өз ара никеге турушпаган баланын атасынын же энесинин жашаган жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы, болбосо баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоодон өткөргөн жери боюнча, ал эми ушул мыйзамдын 56-статьясында каралган учурда аталыкты аныктоо жөнүндөгү же аталыкты таануу фактысын аныктоо тууралу сот чечим чыгарган жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы жүргүзөт.

Бала төрөлгөн учурда өз ара никеде турбаган баланын атасынын жана энесинин биргелешкен арызынын негизинде аталыкты аныктоону каттоо тартиби кандай?

  Бала төрөлгөн учурда өз ара никеде турбаган баланын атасы жана энеси биргелешип жазган аталыкты аныктоо жөнүндөгү жазуу жүзүндөгү арызды жарандык абалдын актыларын жазуу органына берет.

  Аталыкты аныктоо жөнүндөгү биргелешкен арыз баланын төрөлгөндүгүн мамлекеттик каттоо...

  Бала төрөлгөн учурда өз ара никеде турбаган баланын атасы жана энеси биргелешип жазган аталыкты аныктоо жөнүндөгү жазуу жүзүндөгү арызды жарандык абалдын актыларын жазуу органына берет.

  Аталыкты аныктоо жөнүндөгү биргелешкен арыз баланын төрөлгөндүгүн мамлекеттик каттоо учурунда, ошондой эле баланын төрөлгөндүгүн мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөндөн кийин берилиши мүмкүн.

  Эгерде бала төрөлгөндөн кийин аталыкты аныктоо жөнүндө биргелешип арыз берүү мүмкүн эмес же тоскоолдуктарга учурай тургандай негиздер бар деген божомолдор болсо, бала төрөлгөн учурда өз ара никеде турбаган баланын болочок атасы жана энеси мындай арызды эненин боюнда бар кезинде бере алат. Мындай арыз түшкөндө, эгерде баланын төрөлүшүн мамлекеттик каттоого чейин мурда берилген арыз атасы же энеси тарабынан кайра алынбаса, аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо баланын төрөлүшүн мамлекеттик каттоо менен бир эле учурда жүргүзүлөт жана жаңы арыз талап кылынбайт.

  Аталыкты аныктоо жөнүндөгү биргелешкен арызда баланын энеси менен никеде турбаган адам атасы деп таанылгандыгы жана ал атасы экендигин аныктоого энесинин макулдугу тастыкталуута тийиш. Ал арызда төмөндөгүдөй маалыматтар, көрсөтүлүүгө тийиш:

  - өзүн баланын атасы деп тапкан адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, жарандыгы, улуту, жашаган жери;

  - баланын фамилиясы, аты, атасынын аты, жынысы, туулган датасы жана жери, ошондой эле анын туулгандыгы жөнүндө акт жазуусунун реквизиттери (баланын төрөлгөндүгүн мамлекеттик каттоодон кийин атасы экендигин аныктоо учурунда);

  - баланын энесинин фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, жарандыгы, улуту, жашаган жери;

  - никеге туруу жөнүндөгү акт жазуусунун реквизиттери (бала төрөлгөндөн кийин баланын атасы менен анын энеси никеге турган учурда);

  - атасы аныкталгандан кийин баланын фамилиясы, аты, атасынын аты;

  - баланын атасынын жана энесинин инсандыгын ырастаган документтердин реквизиттери.

  Арыз берүүчүлөр аталыкты аныктоо жөнүндөгү биргелешкен арызга кол коюшат жана аны түзгөн дата көрсөтүлөт.

  Бала төрөлгөнгө чейин берилген мындай арызда ага атасынын же энесинин фамилиясын берүүдө жана атын коюуда (төрөлгөн баланын жынысына жараша) болочоктогу баланын ата-энелеринин макулдашуусу тастыкталат.

  Бала төрөлгөндөн кийин аталыкты аныктоодо аталыкты аныктоо жөнүндөгү биргелешкен арыз менен бир эле убакта баланын туулгандыгы тууралу күбөлүк, ал эми ушундай арыз бала төрөлгөнгө чейин берилген учурда эненин боюнда бар экендигин тастыктоочу медициналык уюм же жекече иштеген врач жазган документ берилет.

Читать далее

Бала төрөлгөн учурда баланын энеси менен никеге турбаган атасынын арызы боюнча аталыкты аныктоону каттоо тартиби кандай?

  1. Бала төрөлгөн учурда баланын энеси менен никеге турбаган атасынын арызы боюнча аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо, эгерде энеси өлгөн болсо, ал жоопкерчиликке жөндөмсүз деп табылса, энесинин жашап турган жери жөнүндө маалымат жок болсо же ал ата-энелик укуктан ажыратылса, к...

  1. Бала төрөлгөн учурда баланын энеси менен никеге турбаган атасынын арызы боюнча аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо, эгерде энеси өлгөн болсо, ал жоопкерчиликке жөндөмсүз деп табылса, энесинин жашап турган жери жөнүндө маалымат жок болсо же ал ата-энелик укуктан ажыратылса, көзөмөлчүлүк жана камкордук органынын макулдугу менен, ал эми мындай макулдук жок учурда - соттун чечими боюнча жүргүзүлөт.

  2. Аталыкты аныктоо жөнүндөгү атасынын арызы жазуу жүзүндөгү жарандык абалдын актыларын жазуу органына берилет.

  Ушундай арызда баланын энеси менен никеге турбаган адамды атасы деп таануу жана ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайдын бар экендиги тастыкталууга тийиш. Аталыкты аныктоо жөнүндөгү арызда төмөндөгүдөй маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш:

  - өзүн баланын атасы деп тапкан адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, жарандыгы, улуту, жашаган жери;

  - баланын фамилиясы, аты, атасынын аты, жынысы, туулган датасы жана жери, анын туулгандыгы жөнүндө акт жазуусунун реквизиттери;

  - энесинин өлгөндүгүн, анын жоопкерчиликке жөндөмсүз деп табылгандыгын, анын жашап турган жерин аныктоого мүмкүн эмес экендигин же анын ата-энелик укуктан ажыратылгандыгын тастыктоочу документ жөнүндө маалымат;

  - аталык аныкталгандан кийинки баланын фамилиясы, аты, атасынын аты;

  - атасынын инсандыгын ырастаган документтин реквизиттери.

  Арыз берүүчү аталыкты аныктоо жөнүндөгү арызга кол коет жана аны түзгөн дата көрсөтүлөт.

  Ушундай арыз берүү менен бир эле учурда энесинин өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк, энесин жоопкерчиликке жөндөмсүз деп табуу тууралу же аны ата-энелик укуктан ажыратуу жөнүндөгү соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими, болбосо энесин дайынсыз жоголду деп табуу тууралу соттун чечими же анын жашап турган жерин табуунун мүмкүн эместигин тастыктоочу, энесинин акыркы жолу жашап турган жери боюнча ички иштер органы берген документ көрсөтүлүүгө тийиш.

  3. Жашы жете элек адамга карата аталыкты аныктоо жөнүндө атасы арыз берүүдө арыз менен кошо аталыкты аныктоого ошол органдын берген макулдугун тастыктоочу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүм берген документ көрсөтүүгө тийиш.

Читать далее